Колл - борбор: 105, 1209

СЕЛДЕН ЖАБЫРКАГАН 20 ТРАНСФОРМАТОР КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛҮҮДӨ

24 Июль 2024 ж.

 ЖАЛАЛ- АБАД :

      2024- жылдын 23- июлундагы катуу жааган жамгырдан улам Жалал-Абад облусунун Базар - Коргон районунун Могол айыл аймагында саат 18.00 чамасында катуу сел жүргөн.

     Селден Арсланбап, Кош - Терек айылынан болжолдуу түрдө 642 керектөөчүнүн электр энергиясы өчкөн. Мындан улам 10 кВ Арсланбап фидер аварияга учурап, Базар - Коргон РЭТинин балансында 11, керектөөчүлөрдүн балансында 9 даана трансформатор жабыркаган.

     "Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Базар-Коргон РЭТинин кызматкерлери бүгүн таңкы саат 06.00 дөн тартып, калыбына келтирүү жумуштары менен алек.

     Учурда 3 бригада 4 даана атайын автотехникалар менен иш алып барууда. Мамычалар жабыр тарткан эмес. Ал эми бак - дарактардын кулап түшүүсүнөн үзүлгөн аба чубалгылар калыбына келтирилүүдө.