Колл - борбор: 105,

Өрт коопсуздугу боюнча тактикалык машыгуу өткөрүлдү

2 Октябрь 2026 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасында өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү жана кызматкерлердин өрт кырсыгы болгон учурда ыкчам аракеттенүү жөндөмүн жогорулатуу максатында өрткө каршы тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте уюштурулуп, ага жакынкы төрт район электр тармактарынын кызматкерлер тартылды.

«Өрт чыккан учурда эң биринчи милдет — адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу. Андан соң электр жабдууларын коопсуз абалга келтирип, электр энергиясын тиешелүү тармактар боюнча ажыратуу жана өрттүн жайылышына жол бербөө боюнча чаралар көрүлөт. Өрткө каршы кызмат келгенге чейин энергетиктер кырдаалга жараша алгачкы аракеттерди туура жана ыкчам аткара билиши керек. Бүгүнкү машыгуунун негизги максаты боюнча ЖЭТИнин ишенимдүүлүк жана коопсуздук техника кызматынын башчысы Байкадыр Саидов энергетиктерге түшүндүрмө берди.

Анын белгилөөсүндө, ишканада акыркы жылдары техникалык база жаңыланып, коопсуздук талаптары күчөтүлүп, кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталган окуу-машыгуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

 Бүгүнкү күндө техникалык жаңылануулар, коопсуздук талаптары жана үзгүлтүксүз өткөрүлүп жаткан окуу-машыгуулардын негизинде мындай кырдаалдарга даярдык бир топ жакшырды. Ошол эле учурда ар кандай күтүүсүз кырдаалга даяр болушубуз керек», — деп белгиледи ал.

Машыгуунун жүрүшүндө ӨКМдин өрткө каршы күрөшүү кызматынын адистери тарабынан кызматкерлердин аракеттерине баа берилип, өрт коопсуздугу боюнча сунуштар айтылды.
Атап айтканда, өрт өчүрүүчү каражаттарды жана керектүү материалдык-техникалык жабдууларды жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу, ошондой эле өрт өчүрүүдө колдонулуучу атайын көбүк түзүүчү каражаттарды кампада сактоо боюнча сунуштар берилди.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасы үчүн мындай практикалык машыгуулар кызматкерлердин даярдыгын текшерүү менен гана чектелбестен, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, электр жабдууларынын коопсуз иштешин камсыз кылуу багытындагы окуу- түшүндүрмөлөр ар бир жумуштун алдында жана ар жума сайын атайын окуулар өткөрүлүп турат.