️ “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы- Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба чубалгы кызматы Таш-Көмүр көмөк чордондон чыккан чыңалуусу 35 кВ Разрез Кара-Суу - Тегене аба чубалгысынын 7 чакырымында кайра келбеттөө жумуштарын аткарышты.
️ 2024-жылдын мерчемделген пландык оңдоо жумуштарынын негизинде 35 кВ Разрез Кара-Суу - Тегене аба чубалгысынын 54- 89 -тирөөчтөрүнүн изоляторлору жана бардык электр жабдуулары алмашып, аба чубалгы калыбына келтирилди. Мында жалпысынан 89 тирөөч бар.
️ Жумуш алып барган Избаскент, Ала-Бука жана Таш- Көмүр бөлүмдөрү жана 1 даана манипулятор, 1 даана автокран, 1 даана КАМАЗ жана бригадалык автоунаалар ишке тартылды.
️ Муну менен энергетиктер Караван - Жаңы-Жол - Тегене - Таш-Көмүр шакекчесин түзүштү. Эгерде бир линияда авариялык өчүүлөр катталса 2-линия менен керектөөчүлөргө электр энергия жеткирүүгө болот. Аталган линиядан Авлетим, Кара-Жыгач, Кара-Суу, Тегене, Жаңы-Жол, Мукур, Сары-Челек жана Ак-Жол айылдары электр жарыгын алат.
️ Ар бир түзүлүп жаткан шарттар абоненттерди сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоону көздөйт.