Колл - борбор: 105, 1209

Ноокен районунда быйылкы жылы 724 электр мамычасы орнотулат

17 Июнь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында, “Кыргызстан УЭТ” ААКтын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Ноокен РЭТинде 2025 –жылга мерчемделген жумуштардын алкагында ремонт иштери жүрүүдө. Быйылкы жылы 724 даана мамыча орнотулуп, 5 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылат, 6 даана трансформатор жаңы курулат жана 8 даана трансформатордун эскилиги жеткен шкафтары алмашат. Ошондой эле 49 даана трансформатор оңдоодон өткөрүлөт. ️ Ноокен РЭТи боюнча 396 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өтсө, 49 даана трансформатор ремонт болот. 6-10-0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларлардын 554 чакырымы техникалык тейлөөдөн өтөт. Ал эми 132,51 чакырымында оңдоолор жүргүзүлөт жана эскилиги жеткен жыгач мамычалар темир бетон мамычага алмашат. ️ Жогоруда аталган жумуштардын баары калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо максатын көздөйт. Ар бир мерчемделген жумуш пландын негизинде жүргүзүлүүдө. Аларды сапаттуу бүткөрүү үчүн энергетиктер бардык күчүн жумшоодо.