Колл - борбор: 105, 1209

Ноокен район электр тармактары 95 пайыз кышка даяр

22 Октябрь 2024 ж.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы - Жалал - Абад электр тармактар ишканасынын бардык РЭТтеринде кышка даярдык көрүү максатында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү уланууда.

️ Ноокен район электр тармактары 2024-жылга мерчемделген капиталдык оңдоо боюнча 133,9 чакырым 10-6-0,4 кВ аба чубалгыны оңдоодон өткөрүштү. Ал эми утурумдук оңдоо боюнча мерчемделген 509 чакырым 10-6-0,4 кВ аба чубалгыны оңдоп- түзөтүлдү. Реконструкция жумуштарында 10-0,4 кВ 13,7 чакырым аба чубалгы мерчемделип, 11,4 чакырымы аткарылган.

️ Ошондой эле 52 даана трансформатор капиталдык ремонттон өткөрүлгөн болсо, 202 трансформатор утурумдук оңдоп - түзөөдөн өттү.

️ Ноокен РЭТинде ар бир жумуш ыргагы план боюнча, өз максаты менен аткарылууда. Жыл башынан бери 903 темир-бетон мамыча орнотулду. Учурда күз - кыш мезгилине 95 пайыз даяр. Бул боюнча Ноокен РЭТинин башчысы Уланыч Чолпонов айтты.

️ Бул иштер Ноокен районунун бардык бурчунда калкка туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатат.