Колл - борбор: 105, 1209

Ноокен район электр тармактар ишканасы жыл башынан бери 150 даана жаңы бетон электр мамычаларды орнотту

6 Июнь 2023 ж.

Бүгүн, Бүргөндү айыл өкмөтүнө караштуу Жеңиш айылындагы 0,4 кВ 46 даана жыгач электр мамычалар жаңы бетон мамычаларга алмаштырылууда. Мындан 50 жыл мурун пайдаланууга берилген. Жарактуу мөөнөтү аяктап, жаңылоону талап кылып калган. 
Электр тирөөчтөр коюлган соң, аба чубалгалар тартылып баштайт. 
Электр жабдууларды жаңылоо калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз, сапаттуу камсыздоого карата көрүлгөн алгылыктуу аракеттер.
Жыл башынан бери, Ноокен район электр тармактар ишканасы 150 даана электр тирөөчтөрдү курган. Анын 79 даанасы 10 киловольт болсо, калганы 04 кВ. 
Күз-кыш айларына карата камылгалардын алкагында, ондоп-түзөө жумуштары жер-жерлерде жүрүп жатат.