Колл - борбор: 105,

Манас шаарында 20 чакырым аба чубалгысы СИПке алмаштырылып, 5 чакырым жаңы линия курулат

15 Июнь 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүү жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо боюнча тапшырмаларынын алкагында Манас шаарында жана райондун аймагында кеңири масштабдагы оңдоо жана курулуш иштери жүргүзүлүп, 20 чакырым 6-10 кВ аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган СИП зымдарына алмаштырылат.

Акыркы жылдары райондо жаңы турак жайлардын саны көбөйүп, жаңы абоненттер электр тармактарына кошулууда. Натыйжада электр тармактарына болгон жүктөм өсүп, электр инфраструктурасын кеңейтүү жана жаңылоо зарылдыгы жаралууда. Ушуга байланыштуу энергетиктер электр энергиясын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жеткирүү үчүн тармактарды модернизациялоо иштерин тынымсыз жүргүзүп жатышат.

Мындан тышкары капиталдык оңдоо жана жаңы курулуш иштеринин алкагында:

• 24 даана трансформатордук көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт;
• 10 даана көп кабаттуу үйлөрдүн ички электр щиттери жаңыланат;
• 5 чакырым жаңы 6-10 кВ аба чубалгысы курулат;
• 0,6 чакырым 6-10 кВ жер астындагы кабель линиясы курулат;
• 0,5 чакырым 0,4 кВ жер астындагы кабель линиясы курулат;
• 2 даана жаңы трансформатордук көмөк чордон орнотулат.

Утурумдук оңдоо жана кайра куруу иштеринин алкагында:

• 215 чакырым 6-10 кВ аба чубалгысы утурумдук оңдоодон өткөрүлөт;
• 253 чакырым 0,4 кВ аба чубалгысы утурумдук оңдоодон өткөрүлөт;
• 225 даана трансформатордук көмөк чордон оңдолот;
• 9 даана көп кабаттуу үйлөрдүн ички электр щиттери оңдолот;
• 5 чакырым 6-10 кВ аба чубалгысы кайра курулат;
• 11 чакырым 0,4 кВ аба чубалгысы кайра курулат;
• 1,5 чакырым 6-10 кВ жер астындагы кабель линиясы жаңыланат;
• 0,5 чакырым 0,4 кВ жер астындагы кабель линиясы жаңыланат.

Кошумча иштердин алкагында район боюнча 270 даана жыгач электр мамычасы темир-бетон мамычаларга алмаштырылат.
                                                                                                                               2025-жылы электр тармактарына 2700дөн ашуун жаңы абонент, 2026- жылдын 5айында 1254 жаңы абонент кошулган, жыл аягына чейин 4000 абонент кошулуусу күтүлүүдө. Жасалып жаткан жумуштар өсүп жаткан жүктөмдү көтөрүүгө жана жаңы керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоого багытталат.
Аталган иштер 2026-жылдын ноябрь айына чейин бүткөрүлүп, электр энергиясын жеткирүүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартууга жана өсүп жаткан керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталат.

Натыйжада:
 - Манас шаарында электр энергиясын жеткирүүнүн ишенимдүүлүгү жогорулайт;
- Өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган СИП зымдарын колдонуу аркылуу авариялык өчүрүүлөрдүн саны азайып, электр энергиясынын сапаты жакшырат;
- Жаңыланган электр чубалгыларында электр энергиясынын техникалык жоготуулары орточо 5-7 пайызга чейин кыскарат;
- Электр тармактарынын өткөрүмдүүлүгү жогорулап, калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга шарт түзүлөт.