Майлуу-Суу РЭТи күз-кыш мезгилине толугу менен даяр
5 Ноябрь 2026 ж.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Майлуу-Суу район электр тармактары 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине толугу менен даяр.
Майлуу-Суу РЭТи боюнча электр тармактарынын жалпы узундугу 188 чакырымды түзөт. Анын ичинен 6 кВ чыңалуудагы аба чубалгылары 60 чакырым, ал эми 0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгылары 128 чакырымды түзөт.
6 кВ аба чубалгыларында жалпы 913 мамыча орнотулган. Анын ичинен 515и бетон, 263ү жыгач жана 139у темир мамычалар.
Район электр тармактарынын тейлөөсүндө жалпысынан 109 трансформатордук көмөк чордону (ТП/КТП) бар. Алардын 68и РЭТтин балансында болсо, 41и керектөөчүлөрдүн балансында.
Электр энергиясын пайдаланган абоненттердин жалпы саны 8104тү түзөт. Анын ичинен 7425и тиричилик абоненттери, 679у тиричиликке кирбеген абоненттер.
Ошондой эле РЭТтин эң алыс жайгашкан аймактары 10 чакырымга жакын.
Майлуу-Суу район электр тармактары күз-кыш мезгилинде электр энергиясын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү жеткирүү, ошондой эле керектөөчүлөрдү сапаттуу тейлөө боюнча даярдыгын камсыздады.