2025-жылдын 8-ноябрында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад электр тармактар ишканасына караштуу Майлуу-Суу район электр тармактарынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.
Аталган иш-чарада министр Т.Ибраев сөз сүйлөп, энергетиктерге түзүлгөн шарт, керектөөчүлөрдү сапаттуу тейлөөгө өбөлгө түзөөрүн баса белгиледи.
"Бүгүн Майлуу-Суунун энергетиктери үчүн кубанаарлык күн. Себеби, буга чейин туруктуу иш алып барууга орду жок, бөтөн бирөөнүн кеңсесинде олтуруп, калкты электр энергиясы менен камсыз кылып келишсе, бүгүндөн тарта өздөрүнүн жаңы имараты бар. Калкты жарык менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн, эң биринчи энергетиктерде жетиштүү шарт болушу керек. Биз колдон келишинче эскирген тармакты жаңылап, шарт түзүп берүүгө аракет кылуудабыз. Бул имраттын курулушу дагы, энергетика тармагындагы реформанын ишке ашырылынын бир бөлүгү. Канчалык энергетиктердин шарты жакшырса, керектөөчүлөрдү тейлөөнүн сапаты ошончолук жогорулайт. Алдыда кыла турган милдеттерибиз көп. Энергетиктер эл үчүн кызмат кыла беребиз. Урматтуу кесиптештер жаңы имарат кут болсун!" - деди министр Т.Ибраев.
Буга чейин Майлуу-Суу РЭТинин өздөрүнө таандык имараты болбогондуктан, 1995-жылдан бери энергетиктер элге кызмат кылууну токтотпостон, ошол аймактагы эски бала-бакчада иш алып барып келишкен.
2024 - жылы жергиликтүү бийлик тарабынан Майлуу-Суу РЭТи үчүн 3000 чарчы жер тилкеси бөлүнүп берилген. Ошол жерге 2025-жылы 8 айдын ичинде энергетиктер жаңы имаратты куруп, эми ишмердүүлүгүн заманбап кеңседе улантмакчы.
Жаңы салынган имарат эки кабаттан туруп, 80 жумушчу орунга ылайыкташылган. Мындан тышкары электр жабдыктарды сактоочу жана оңдоочу эки бокс курулду. Жалпы сметалык баасы 22 450 000 сомду түзүп, "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААК тарабынан каржыланды. Ал эми куруу иштери "Юниверсал Активити" ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылды.
Ал эми буга чейин энергетиктер олтуруп иш алып барган бала-бакча Майлуу - Суу шаардык мэрияга өткөрүлүп берилди.
Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу район электр тармагы 8000 керектөөчүнү жана Майлуу-Суу электр лампа зоводун үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздап келет. Аталган ишканада 42 кызматкер эмгектенет.
Жаңы имараттын ачылыш аземине КРнын энергетика министри Т.Ибраев, "КУЭТ" ААКнын башка директору И.Сыдыгалиев, Майлуу-Суу шаарынын мэри А.Жумаев жана жергиликтүү тургундар, энергетиктер катышты.
Аземине соңунда өз жумушуна берилгендик менен так аткарган жумушчулардын эмгектенип байланып, Ардак грамоталар тапшырылды. Ошону менен бирге Майлуу-Суу РЭТинин кызматкерлеринин жумушун жеңилдетүү максатында 2 даана автоунаа тапшырылды