Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу электр тармактарын жылдыруу жана реконструкциялоо иштери улантылууда. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан темир жолдун курулушуна тоскоолдук жараткан электр тармактарын көчүрүү жана энергетикалык инфраструктураны кайра жайгаштыруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Долбоордун алкагында башында жалпысынан 0,4- 500кВ 62 бөлүм (пикет) белгиленген. Анын ичинен 0,4–10 кВ чыңалуудагы электр тармактарына тиешелүү 23 пикетте толук жумуш аткарылып бүтсө, 13үндө жумуш кызуу жүрүп жатат. бул аймактарда Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кызматкерлери тарабынан жылдыруу жумуштары жүргүзүлгөн. Азыркы учурда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна тоскоол болгон аба чубалгыларды жылдыруу максатында 26 пикетте жумуш уланууда. белгилей кетсек алардын 10у керектөөчүлөр тарабынан колго алынган. Бул объектилердин 16сы боюнча долбоордук-сметалык документтер (ДСД) даярдалып, тендер аркылуу иштер аткарылууда.
Аталган иштер темир жолдун курулушун белгиленген тартипте жүргүзүүгө шарт түзүү, электр тармактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн сактоо максатын көздөйт.
Жалал-Абад электр тармактар ишканасы Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу электр тармактарын жылдыруу жана реконструкциялоо иштерин тиешелүү тараптар менен биргеликте улантууда.