Кыргызстанда 1-майда электр энергиянын тарифтери өзгөрөт
27 Март 2025 ж.
Кыргызстанда 1-майда электр энергиянын тарифтери өзгөрөт.
Электр энергиянын баасын көтөрүү эмне үчүн керек? Жөнөкөй тил түшүндүрүп берели:
Электр энергияны көбүрөөк керектеп жатабыз. Акыркы 10 жылда керектөө бир топ өстү.
Жабдуулар эскирди. Электр станциялары менен түйүндөрдү жаңылоо зарыл, бул көп каражатты талап кылат.
Тарифтер өзүн актабайт. Электр энергияны өндүрүүнүн өздүк наркы керектөөчүлөр төлөгөн баадан кымбат турат. Калган чыгымды мамлекет жабат. Бирок бул узак мөөнөттүү чечим боло албайт.
Тарифтердин өзгөрүшү үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоого жана энергетика системасын жаңылоого өбөлгө түзөт. Толук маалымат карточкаларда.