«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 2023-жылдын декабрына учурдагы эсептөөнү эске алуу менен, 2023-жылдын 31-декабрына чейин электр энергиясына болгон карызды төлөгөн абоненттерге, туумду эсептен чыгаруу боюнча акция өткөрөт.
Акциянын шарты боюнча, керектөөчүлөр электр энергиясына болгон карызды толук төлөшү зарыл. Туумду эсептен чыгаруу, акция аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Башкача айтканда, 2024-жылдын январы айынан тарта карызын төлөгөн абоненттерге туумдар эсептен чыгарылып, жаңы эсептөөлө туумсуз жазылат. Карызы сот органдарында каралып жаткан же соттун чечими бар абоненттер акцияга катыша албайт.
Электр энергиясына болгон төлөмдөрдү Мой свет мобилдик тиркемеси жана банктык мобилдик тиркемелер, “PAY 24”, “Qwickpay”, “UMAI”, “Оной”, “TeremPay”, MSТС (Касса-24), Megacom, О! терминалдары, “ЭЛСОМ”, “О деньги!”, “Balance.kg” электрондук капчыктары, ошондой эле “Кыргыз Почтасы” МИ, "Айыл Банк", "РСК", "Мбанк", "Оптима Банк", "Халык Банк", "Дос-Кредо Банк", "Бакай Банк" ж.б. банктардын кассалары аркылуу жүргүзсө болот.
Акциянын шарттары тууралуу кененирээк күнү-түнү иштеген колл-борбордун 105, 1209 телефондорунан, сатуу кызматтарынан жана компаниянын сайтынан билүүгө болот.