Колл - борбор: 105, 1209

"Кыргызстан УЭТ" ААКтын борбордук изоляция кызматынын 4күндүк тажрыйба алмашуу семинары жыйынтыкталды

28 Июнь 2024 ж.

Үстүбүздөгү жылдын 24- июнунда Жалал- Абад электр тармактар ишканасына "Кыргызстан УЭТ" ААКтын бардык облустук тармактарынан изоляция кызматтарынын башчылары жана жетектөөчү инженерлери келишти.

Алгачкы күнү ар бир кызматтын башчылары өздөрүнүн иш тажрыйбасындагы ийгиликтери, кемчиликтери жана тепловизиондук көзөмөл жүргүзүү боюнча ойлорун ортого салышты. "Кыргызстан УЭТ" ААКтын борбордук изоляция кызматынын жетекчиси Болотбек Батырбеков - кызматтын жоопкерчиликтүү экендигине токтолду. Диагностика коюуда кызматкерлердин электр приборлорду туура иштетүү керектигин айтты. Ал акыркы 2-3 жылдан бери улам приборлорду жаңылап жатабыз дейт өз сөзүндө.

Ошондой эле Жалал-Абад ЭТИнин изоляция кызматынын жетекчиси Канат Калилов быйылкы жылга мерчемделген иш - пландары боюнча айтып өттү.

2024-жылга ЖЭТИде 494 бирдик электр жабдууларын профилактикалык сыноодон өткөрүү пландалган. Бүгүнкү күндө анын 271 бирдиги аткарылды. Андан сырткары капиталдык курулуш планы боюнча Дейрес көмөк чордону толугу менен профилактикалык сыноодон өткөрүлдү жана тепловизиондук көзөмөл жүргүзүлдү.

Семинардын жүрүшүндө "Кыргызстан УЭТ" ААКтын өздүк эсебинен Жалал-Абад ЭТИнин изоляция кызматына "Тангенс -2000" комплекттүү прибору тапшырылды.

Мындан сырткары семинардын катышуучулары көмөк чордондорго барышып, көзөмөл жүргүзүштү жана жаңы приборду колдонуу боюнча билим алышты. Семинар жогорку деңгээлде өтүп, өз максатына жетти.