Колл - борбор: 105, 1209

“Кыргызстан УЭТ” ААКтын башкы директорунун орун басары Доктурбай уулу Жолдошбек Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын эмгек жамааты менен жолугушту. Мында ЖЭТИнин 2024-2025-жылдагы күз-кыш айларына сапаттуу даярдыктарды көрүү маселеси талкууга алынды.

14 Май 2024 ж.

Доктурбай уулу Жолдошбек Жалал-Абад электр тармактар ишканасына иш сапары менен келди
 
 “Кыргызстан УЭТ” ААКтын башкы директорунун орун басары Доктурбай уулу Жолдошбек Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын эмгек жамааты менен жолугушту. Мында ЖЭТИнин 2024-2025-жылдагы күз-кыш айларына сапаттуу даярдыктарды көрүү маселеси талкууга алынды.
 
 Быйылкы жылга мерчемделген жумуштар март айынан тарта башталып, ар бир бүткөрүлгөн жумуш тийиштүү жетекчилердин көзөмөлүндө экендигин ЖЭТИнин директору айтып берди.
 
 Андан соң кээ бир энергообьектилерге барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Базар –Коргон районунун аймагынан өткөн Датка - Кристалл 220 кВ аба чубалгысынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо максатында № 159 – 160 - мамычаларды сел ташкынынан коргоо иш-чарасын көрүп чыкты. Мындан бир нече кун мурда жааган жаан суу жээктерин алып кеткен. Жалал-Абад электр тармактар ишканасына тиешелүү мамычалар жабыркаган эмес. Бирок энергетиктер алдын ала чара көрүп, планда жок, бирок ыкчам иш алып барууда. Алар суу ташкынынын нугун буруу менен алек.
 
220/110/10 кВ "Төрөбаев" көмөк чордонуна жана 500/220/35 кВ "Датка" көмөк чордонуна барды. Мында электр жабдыктардын иштөөсү, оңдоп- түзөө жумуштарына көңүл бурууну, эскилиги жеткен жабдыктарды дыкат текшерип, сапаттуу алмаштырууну табыштады.
 
 Сузак район электр тармактарынын балансында 625 даана трансформатор бар. Ал эми 342 даана жеке трансформатордон өткөн жылы 25 даана, быйылкы жылы 3 даана трансформатор Сузак РЭТинин балансына өткөн. Анткени керектөөчүлөр да бир катар авариялык учурлар ушундай жеке менчик трансформатордон катталганын айтышат. “Кыргызстан УЭТ” ААКтын башкы директорунун орун басары мындай иш алып баруу абоненттерге сапаттуу электр энергиясын берүүнү жогорулатат деп белгиледи.
 
 Доктурбай уулу Жолдошбек кыдыруунун соңунда Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын ишмердүүлүгүн мыкты деп баалап, дагы да контролду күчөтүп, ар бир ремонт жумуштарын жогорку деңгээлде бүткөрүүнү табыштады.