Өткөн жылы өлкөбүздө өткөн курултайда Жалал-Абад электр тармактар ишканасына тиешелүү 22 маселе көтөрүлгөн болсо, анын 18и толугу менен аткарылды
Курултайда Базар-Коргон районунун Бешик-Жоон айылынын тургуну Айтбай Төлөнбаев жаңы конуштарды электр жарыгы менен камсыз кылуу маселесин көтөргөн.Мындай маселелер башка райондордо да бар.
Анткени калктын саны көбөйгөндүктөн жаңы конуштарда электр жарыгын өздөрү үйлөрүнө киргизип алган жарандар да бар. Мындай көйгөйлөр чечилип, темир- бетон мамычалар орнотулуп, аба чубалгылар тартылды.
Жалал-Абад электр тармактар ишканасына тиешелүү 22 меселе көтөрүлүп, 18и толук аткарылды.Ал эми калган 4 маселе айыл аймактарга, жеке ишканаларга тиешелүү.