“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасында кызматкерлер арасында коррупцияга жол бербөөгө багытталган жыйын өттү. Буга чейин коррупцияга каршы аракеттенүү саясатын ишке ашыруу боюнча ЖЭТИнин жер жериндеги структуралык бөлүмдөрүндө кызматкерлердин арасында жыйындар болуп өттү. Анда коррупцияга каршы багытында мыйзамдардын жана ага жаңы киргизилип жаткан талаптарды түшүндүрүү жөнүндө маалымат берилүүдө.Андан сырткары ар жумада болуп туруучу ишкана жетекчилеринин жыйынында да Жалал-Абад ЭТИнин директору С.Усенов өзү контролго алып, коррупцияга жол бербөөнү эскертип турат.
“КУЭТ”ААК тарабынан 2023-2025-жылдары коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жөнүндө стратегиялык аракеттер планы боюнча 01.12.2023-жылдагы № 818 буйругу менен бекитилген.
Бул буйруктун негизинде Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан 12.12.2023-жылы № 1087-буйругу менен коррупцияга каршы аракеттенүү саясатын ишке ашыруу боюнча ЖЭТИнин 16 кызматкерлери жана РЭТ, ЭЭС ишканаларынын жетекчилеринен турган комиссия курамы түзүлүп, комиссиянын ар бир мүчөсүнүн аткара турган иш аракеттери, 2023-2024-2025-жылдарында аткарыла турган иш чаралар (план мероприятий) бекитилип, комиссиянын бардык мүчөлөрүнө жана РЭТ, ЭЭС жиберилген.
Бекитилген иш чаранын негизинде (анын ичинде кадрлар менен жана финансы маселелери менен иштөө аракеттери да көрсөтүлгөн) тийиштүү иштер жүргүзүлүп келүүдө.
Эске салсак, коррупциялык көрүнүштөргө каршы күчөтүлгөн тартиптер коюлуп, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 31.12.2024-жылы “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду. Анда 12 беренеде өзгөртүү бар.
Бул багытта жыйында Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын юридика бөлүмүнүн башчысы Т.Абдурасулов коррупциялык көрүнүштөр боюнча күчөтүлгөн тартипте иштөө керектигине токтолду. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй жоопкерчиликтер киргизилгендиктен коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан саясатты толугу менен колдоп, бул багытта баарыбыз бирдей иш алып барышыбыз зарыл дейт.