Колл - борбор: 105, 1209

КООМДУК УГУУ

16 Июнь 2025 ж.

«Электроэнергетикалык тармакты модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында  “КУЭТ”ААКнын филиалы Жалал-Абад  электр тармактар ишканасынын кеңешме залында  коомдук угуу болуп өттү. 

Иш-чарага  Жалал-Абад облусунун жакынкы  район - шаарларынан, айылдарынан өкүлдөр жана энергетиктер катышты. Талкуунун  жүрүшүндө  КРнын энергетика министрлигинин долбоорлор боюнча өкүлү Астра Жээналиева  акыркы жылдардагы энергетика тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында бир топ алгылыктуу жумуштар аткарылып жатканына  токтолуп, алардын бири аталган долбоордун алдында бир топ энергосекторлор жаңыланып, калкты сапаттуу электр энергия менен камсыздап жатканын кошумчалады.

Ошондой эле талкууда  бөлүштүрүүчү тармактарды реконструкциялоо жана модернизациялоо,

 санариптештирүү,социалдык коргоо системаларын чыңдоо  жана экологиялык

жактан анализдөө,зыян келтирбөө шарттары боюнча сөз жүрдү.

Долбоор энергетика министрлигинин "Кыргызстан УЭТ" ААК  тарабынан аткарылууда. Ал 2023-жылы башталып, 2028-жылга чейин созулат.

Урматтуу электр энергиясын колдонуучулар!

 Эгерде сиздерде «Электроэнергетикалык тармакты модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруу мезгилинде сунуштар жана суроо-талаптар болсо төмөнкү телефон номери жана электрондук почта аркылуу кайрылсаңыздар болот: 

@pmo.kgz@gmail.com

+996 771 661 223