Көк -Арт өрөөнүндө электр энергиясы үзгүлтүккө учурады

12 Декабрь 2023 ж.

Көк- Арт өрөөнүндө электр энергиясы үзгүлтүккө учурады
 
Жалал -Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Арт өрөөнүндө кардын калың жааганынан электр энергиясын жеткирүү үзгүлтүккө учурады.
 
Аны Көк-Арт РЭТинин кызматкерлери эртең мененки саат 07.00 ден тартып мамычаларды жана аба чубалгыларды текшерип, үзүлгөн зымдарды улап жатышат.
Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын эмгек жааматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Кызматкерлер колу үшүп, буту суу болгондугуна карабай электр жарыгын жандыруу менен алек
 
Урматтуу абоненттер сиздер дагы жаратылган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл аласыздар. Анткени табигаттын кубулушун эч ким өзгөртө албайт.
 
Ар бир үй жылуу жана жарык болсун!