Энергетика министрлигинин күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү тапшырмасына ылайык “КУЭТ” ААКнын филиалы Жалал-Абад ЭТИнин Көк-Арт район электр тармактарынын 2025-жылга мерчемделген жумуштары 85 пайызга аяктады.
Алар:
Оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча аткарылган жумуштар
• 51 даана трансформатор оңдоодон өттү;
• 28 км 10 кВ аба чубалгы оңдоодон өттү;
• 241 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өттү;
• 286 км 10 кВ аба чубалгы техникалык тейлөөдөн өттү;
• 381 км 0,4 кВ аба чубалгы техникалык тейлөөдөн өттү;
• Капиталдык курулуш боюнча аткарылган жумуштар
• 5 чакырым 10 кВ аба чубалгы жаңыдан куруу;
• 4 чакырым 0,4кВ аба чубалгысын кайра келбеттөө;
• 1 даана трансформатордун кубаттуулугун жогорулатуу;
Ал эми аткарылуучу жумуштар:
• 7 даана трансформаторду капиталдык оңдоодон өткөрүү;
• 155 км 0,4 кВ аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүү;
• 3 чакырым 10кВ аба чубалгысын кайра келбеттөө;
• 2 даана 250 кВА кубаттуулуктагы кошумча жаңы көмөкчү чордондорун орнотуу;
• 1,2 чакырым аралыкка10 кВ аба чубалгысын жаңыдан куруу;
Энергетиктер аталган жумуштарды 2025-жылдын ноябрь айына чейин пландын негизинде аткарууга алышат. Мындан сырткары Көк-Арт район электр тармактары мамлекеттик чоң долбоор болгон Эл аралык аэропорттун аянтын даярдоодо, жакын жайгашкан айылдарда 5 чакырым 10 кВ аба чубалгысы жаңы орнотулду. Ошону менен бирге курултайда айтылган Сузак районунун Жоон-күнгөй жана Жалгыз-Жаңак айылдарына 3 чакырым 0,4 кВ аба чубалгысын орнотууда.
Көк-Арт РЭТи (райондук электр тармактары) Сузак районунун беш айыл аймагын электр энергиясы менен камсыз кылат:
1. Багыш а/ө;
2. Көк-Арт а/ө;
3. Кыз-Кол а/ө;
4. Кызыл-Туу а/ө;
5. Көк-Жаңгак ш;
6. Тайгараев айыл аймактык башкармалыгы;
- Жалпысынан 17 920 керектөөчү бар, мында 112 жумушчу эмгектенет.
Көк-Арт район электр тармактарынын тейлөө аймактары тоолуу келгендиктен, энергетиктер кышында ызгаар суукка карабай, жайында ыссык аптапка карабай калктын кызматында. Быйылкы жылы энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, “КУЭТ”ААКнын өздүк каражатына аталган РЭТтин имараты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.