Колл - борбор: 105, 1209

Көк-Арт район электр тармактар ишканасында 34 трансформатор ремонттон өтүп, 39 чакырым аба чубалгысы жаңыланды

15 Июль 2024 ж.

 
      “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы –Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Көк-Арт РЭТинде 350 трансформатор болсо, анын 60ы быйылкы жылга ремонт жасоого пландалган.Учурда 34 тү бүткөрүлдү. Утурумдук оңдоп- түзөө жумуштарына 274 трансформатор мерчемделип , анын 191и ондоп-түзөөдөн өттү.
 
     Ал эми 0,4-6-10 кВ чыңалуудагы аба-чубалгыларында 84 чакырым мерчемделсе, азыркы күнгө чейин 39 чакырымы ондоп-түзөөдөн өтүп, калган 45 чакырым аба чубалгы күз- кыш айларына чейин план боюнча аткарылууда.
 
      Мындан сырткары Көк-Арт район электр тармактары күз –кыш айларына чейин 700 даана мамыча орнотот. Алардын 250 даанасы жаңы курулса, 450 даана эскилиги жеткен жыгач мамычалар , темир –бетон мамычаларга алмашат. Кызматкерлер пландалган жумуштун негизинде 6 ай ичинде 137 даана мамыча алмаштырышты.
 
      Көк-Арт РЭТинде 9 көмөк чордонунан чыккан 31 фидер бар.Мында жалпысынан 17 500дөн жогору абонентти 115 кызматкер электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирүүдө кызмат кылат.
 
Кызматыбыз эл үчүн!