Бүгүн, "Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын бардык кызматтары, бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, бардык район электр тармактарынын эмгек жааматы ишембиликке чыгышты.
Алар имараттардын айлана-чөйрөсүн тазалап,бүгүнкү өткөн иш чарага активдүү катышышты. Ошондой эле "Жашыл Мурас" өнөктүгүнүн алкагында мөмөлүү дарактардын жана ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузушту.
Ал эми жергиликтүү бийлик тарабынан энергетиктерге бөлүнгөн аянттардын тазалыгын иретке келтиришти.