Колл - борбор: 105, 1209

Кара-Көл шаарына 64 бетон- мамыча орнотулуп, аба чубалгы тартылды

26 Сентябрь 2024 ж.

Кара-Көл шаарына 64 бетон- мамыча орнотулуп, аба чубалгы тартылды
“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы -Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Кара-Көл РЭТи күз- кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө жумуштарын улантууда.
 
Кара-Көл район электр тармактарында быйылкы жылга 96 даана мамыча мерчемделген. Бүгүнкү күндө 64 даана эскилиги жеткен жыгач мамычаларды темир-бетон мамычага алмаштырды. Реконструкция жумуштарынын алкагында 6-10 кВ 1,8 чакырым аба чубалгы тартышты. Мындан сырткары 1,5 чакырым СИП зымдарын орнотушту.
 
Кара-Көл РЭТинин кызматкерлери Кара- Көл шаарынын аймагындагы 6/10 кВ 105,77 чакырым жана 0,4 кВ 76,77 чакырым аба чубалгыны тейлешет. Мындан сырткары эскилиги жеткен 3 даана трансформатордун шкафын алмаштырышты. Учурда оңдоп- түзөө жумуштары уланууда. Буйруса үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын аягына чейин мерчемделген жумуштар толугу менен аяктайт.
 
Ар бир аткарылып жаткан жумуштар керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу болуп эсептелет.