Колл - борбор: 105, 1209

Энергетика министрлиги энергетикалык обьектилерге кезектеги экскурсияны уюштурат!

9 Апрель 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги гидроэлектростанциялардын (ГЭС) иштешин, курулуп жаткан ири жана чакан ГЭСтер, көмөк чордондун жаңыланган жабдууларын жана электр энергиясынын өндүрүү процессин, энергетика тармагындагы аткарлып жаткан иштерди өз көзү менен көрүүнү каалагандар үчүн 2025-жылдын
16-апрелинде, экинчи жолу бекер экскурсия уюштурууда.

Экскурсияда эмне болот?
• «Кемин» көмөк чордонунун иштөө процесси тууралуу маалымат аласыз жана көрөсүз
• Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышасыз.
• Нарын электр тармактар ишканасынын ЖБИ цехтин ишмердүүлүгү менен таанышасыз.
• Куланак ГЭСинин курулуш иштери менен таанышасыз.
• Ат-Башы ГЭСинин иштөө процесси тууралуу маалымат аласыз.
-Энергетика тармагында аткарылып жаткан иштерди жеринде көрүп, кызыктырган суроолоруңузга жооп аласыз.
Экскурсиянын максаты
Коомчулукта “Тарифтер эмнеге көтөрүлүп жатат?”, “Суу өзүбүздөн болсо электр энергиясы эмнеге жетишсиз?” же “Тарифтен түшкөн акчалар каякка жумшалып жатат?”, “Эмнеге энергетика тармагында энергетиктер өз кесибин таштап, башка тармакка өтүүдө, алардын айлык маянасы кандай?” - деген сыяктуу суроолор көбөйүүдө. Экскурсиянын негизги максаты — энергетика тармагындагы маселелерди жеринде фактылар менен түшүндүрүп берүү.

Кимдер катыша алат?
Экскурсияга бардык каалоочулар (активисттер, журналисттер, эксперттер жана жөнөкөй жарандар) катыша алышат.
Чогула турган жай:
Бишкек шаарынан бара тургандар үчүн.
Дарек: БИШКЕК. Энергетика министрлиги, Жибек-Жолу көчөсү, 326
Чогула турган убакыт: Таңкы саат 06:00
Сапарга чыгуу: 16-апрель, саат 07:00
Каттоо үчүн байланыш: (Каттоо 9-апрелден 11-апрель, саат-14:00 чейин, паспорттун көчүрмөсүн адын-ала жиберүү кажет)
0999 066 566 - Айнура
0700 945 489 – Мээрим
(Баргандар паспортун жанына алуулары зарыл.)

Чогула турган жай:
ЧҮЙ облусунан бара тургандар үчүн.
Дарек: Кемин шаары, Жибек-Жолу көчөсү,75
Чогула турган убакыт: Таңкы саат 08:30
Сапарга чыгуу: 16-апрель, саат 08:45
Каттоо үчүн байланыш: (Каттоо 9-апрелден 11-апрель, саат-14:00 чейин, паспорттун көчүрмөсүн адын-ала жиберүү кажет)
0708 016 000 – Тилек
(Баргандар паспортун жанына алуулары зарыл.)

НАРЫН облусунан бара тургандар үчүн.
Дарек: Нарын элекр тармактар ишканасы, Ысык-Көл көч, 2 (Нарын ЭТИнин ылдыйкы базасы)
Чогула турган убакыт: Таңкы саат 13:30
Сапарга чыгуу: 16-апрель, саат 14:30
Каттоо үчүн байланыш: (Каттоо 9-апрелден 11-апрель, саат-14:00 чейин, паспорттун көчүрмөсүн адын-ала жиберүү кажет)
0706 754 565 - Нуркыз
(Баргандар паспортун жанына алуулары зарыл.)

Энергетика маселелерине кызыгып, фактыларды жеринде билүүнү каалагандар үчүн бул — уникалдуу мүмкүнчүлүк! Барып келген чыгымдар министрлик тарабынан жабылат.