Учурда ар бирибиз жашоону электр жарыгысыз элестете албай калдык. Анткени кайсыл тармак болбосун электр тогу менен иштейт.
Бирок кайсыл жерде, качан электр жарыгы өчсө заматта жетип барып, калыбына келтирген энергетиктердин баасын баарыбыз эле биле бербейбиз
Алар аба- ырайынын ыссыгына, суугуна карабайт, энергетиктердин бир гана максаты керектөөчүлөрдү электр жарыгы менен камсыздоо.
Кээде эмгеги бааланып, жылуу сөз айтылганы кычыраган суукта көңүлгө жылуулук тартуулайт. Анан да кыштан жылуу- жумшак чыгуу үчүн Жалал-Абад электр тармактар ишканасы керектөөчүлөрдөн электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууну суранат. Сиздин үнөмүңүз өзгөнү да жарыксыз калтырбайт.
Ар бириңиздердин үйүңүздөр жылуу жана жарык болсун!