“CASA-1000” долбоорунун алкагында Датка-Сугд 500 кВ электр аба чубалгысы толук аяктады
31 Март 2025 ж.
Бүгүн, 2025-жылдын 31-мартында CASA-1000 – Борбор жана Түштүк Азиядагы ири энергетикалык инфраструктураны куруу боюнча эл аралык долбоордун алкагында, жалпы узундугу 485 чакырымды түзгөн Датка-Сугд 500кВ аба чубалгысы курулуп бүтүп, тестирлик чыналуу ийгиликтүү берилди.
Датка-Сугд 500 кВ аба чубалгысын ишке киргизүү аземине Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Президенттери, эки өлкөнүн энергетика министрлери, энергетиктери жана куруучулар катышты.
Бул долбоор Кыргызстан менен Тажикстандан Афганистанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого багытталып, Борбордук жана Түштүк Азиянын энергетикалык интеграциясына өбөлгө түзөт. Ал эми Кыргызстан үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев өз сөзүндө аталган долбоордун ишке ашырылышы кыргыз энергетикасынын өнүгүшүнө карай багыт алган ири кадамдардын бири экенин билдирди.
Бүгүн, Кыргызстан менен Тажикстандын энергетика тармагында жакшы иш-чара өтүүдө. “CASA-1000” долбоорунун алкагында Датка-Сугд 500 кВ электр аба чубалгысынын куруусу толук аяктап, ишке кирди. Бул эки өлкө үчүн чоң жетишкендик. Аталган долбоор толугу менен ишке ашканда, кыргыз энергетикасынын өнүгүүсүнө карай багыт алган жолдордун бири болот десек жаңылышпайм. Себеби, биз бул линия менен келечекте Афганистан, Пакистан өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт” - деди КРнын энергетика министри Т.Ибраев.
Маалыматка ылайык, Датка-Сугд аба чубалгысынын жалпы узундугу 485 чакырымды түзсө, анын ичинен 456 чакырымы Кыргыз Республикасынын территориясынан өтөт.
Датка-Сугд аба чубалгысы Датка көмөк чордонунда атайын курулган 500 кВ уячадан баштап Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстандын чек арасына чейин 1243 тирөөч орнотулган.
Кыргызстандагы CASA-1000 долбоорун “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК ишке ашырды, ал эми куруу иштерин эл аралык тендердин жыйынтыгында тандалган подрядчы MİTAŞ түрк компаниясы аткарды.
CASA-1000 долбоорунун алкагындагы Жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоору (ЖЖКД) Кыргызстандын жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылып, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы 77 калктуу конушту (36 айыл аймакты жана 5 шаарды) камтыды.
Жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоорунун жалпы каржылоо суммасы 11 миллион долларды түзүп анын алкагында электр энергия менен камсыздоону жакшыртуу, социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана киреше алып келе турган объектилерди каржылоо боюнча долбоорлор ишке ашырылды.
CASA-1000 долбоору төрт мамлекетти камтыйт. Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан тарабынан ишке ашырылып жатат.