Чыңалуусу 500 кВ Токтогул ГЭС -Түлөбердиев аба чубалгысында 297 изолятор алмашты
“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы- Жалал-абад электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматынын Токтогул жана Кара -Көл бөлүмдөрү чыңалуусу 500кВ Токтогул ГЭС -Түлөбердиев аба чубалгысында утурумдук оңдоп- түзөө жумуштарын жүргүздү.
Кара-Көл бөлүмү №1 - тирөөчтөн -67- тирөөчкө чейин 182 даана изолятор алмаштырып, аба чубалгыларды кылдат текшерүүдөн өткөрүштү.
Ал эми Токтогул бөлүмү № 219 -тирөөчөн -249- тирөөчкө чейин аба чубалгыларды текшерүудөн өткөрушүп, 112 даана изолятор алмаштырды. Жалпы жолунан 35 чакырым 500 кВ аба чубалгы оңдоп- түзөөдөн өттү.
Чыңалуусу 500 кВ Токтогул ГЭС -Түлөбердиев аба чубалгысы 113 чакырымды түзөт жана 323 тирөөч бар. Буга чейин үстүбүздөгү жылдын май айында 78 чакырымы техникалык кароодон, оңдоп- түзөөдөн өткөн.