Колл - борбор: 105, 1209

Чыңалуусу 500 кВ Токтогул ГЭС -Түлөбердиев аба чубалгысында  297 изолятор алмашты

3 Сентябрь 2024 ж.

Чыңалуусу 500 кВ Токтогул ГЭС -Түлөбердиев аба чубалгысында  297 изолятор алмашты

“Кыргызстан УЭТ” ААКнын  филиалы- Жалал-абад электр тармактар ишканасынын  жогорку чыңалуудагы аба чубалгылар кызматынын  Токтогул жана Кара -Көл   бөлүмдөрү чыңалуусу 500кВ Токтогул ГЭС -Түлөбердиев аба чубалгысында утурумдук оңдоп- түзөө жумуштарын жүргүздү.

Кара-Көл бөлүмү №1 - тирөөчтөн -67- тирөөчкө чейин 182 даана изолятор алмаштырып, аба чубалгыларды кылдат текшерүүдөн өткөрүштү.

Ал эми Токтогул бөлүмү № 219 -тирөөчөн -249- тирөөчкө чейин аба чубалгыларды текшерүудөн өткөрушүп, 112 даана изолятор алмаштырды. Жалпы жолунан 35 чакырым 500 кВ аба чубалгы оңдоп- түзөөдөн өттү.


Чыңалуусу 500 кВ Токтогул ГЭС -Түлөбердиев аба чубалгысы 113 чакырымды түзөт жана  323 тирөөч бар. Буга чейин үстүбүздөгү жылдын май айында 78 чакырымы  техникалык кароодон, оңдоп- түзөөдөн  өткөн.