Колл - борбор: 105, 1209

Чаткал РЭТинин жаңы имараты курулат

21 Апрель 2025 ж.

️ “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Чаткал район электр тармагынын имараты жаңы курулат. Анткени учурда колдонулуп жаткан имараттын эскилиги жетип, энергетиктердин иш алып баруусуна тоскоол жаратып келет.
 
️ Энергетика тармагындагы реформалоонун алкагында аткарылып жаткан иштердин натыйжасында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т.Ибраевдин тапшырмасы менен Чаткал РЭТинин административдик имаратын жаңы куруу планы быйылкы жылдагы Жалал-Абад ЭТИнин иш-мерчемине киргизилген.
 
️ Азыркы тапта тийиштүү мекемелер менен биргеликте жаңы имарат куруу үчүн жер тилкеси аныкталып, кагаз иштери даярдалууда. Жаңы имарат 2025- жылдын ноябрь айына чейин курулуп бүтүп, пайдаланууга берилет. Жаңы имарат 2кабаттан,10 бөлмөдөн турат. Ал 38 жумушчу орунга жана керектөөчүлөрдү ыңгайлуу тейлөөгө ылайыкталып, заманбап жабдуулар менен камсыздалат. Имрататты куруунун жалпы суммасы болжолдуу 22 млн. сомду түзөт. Аталган имараттын курулушу “КУЭТ” ААК тарабынан каржыланат.
 
️ Эскерте кетсек, учурда жумушчулар олтурган эски имарат 1980-жылы курулуп, 8 бөлмөдөн турат.Мында 32 жылдан бери Чаткал район электр тармактары ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Иштөөгө шарты жок.
 
️ Чаткал район электр тармактарында 38 кызматкер эмгектенет. Алар Чаткал районундагы 14 айылда 3 336 керектөөчүнү электр энергия менен камсыздайт. Эгерде жаңы имарат курулуп, колдонууга берилсе керектөөчүлөр үчүн да, энергетиктер үчүн да шарт жаралмакчы.
edited14:00