Колл - борбор: 105, 1209

Чаткал район электр тармактары быйылкы жылы электр чубалгылардын 96 чакырым аралыгында бак-дарактарды бутоо жумуштарын алып барат

27 Май 2024 ж.

Чаткал район электр тармактары быйылкы жылы электр чубалгылардын 96 чакырым аралыгында бак-дарактарды бутоо жумуштарын алып барат
 
    "Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы- Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын эң алыскы Чаткал РЭТинде күз - кышка даярдык кызуу жүрүүдө.
    Район климаты суук келгендиктен кыш узакка созулат. Ошондуктан энергетиктер күз-кышка даярдыкты башка жакка караганда бир аз кечирээк баштап, тез жана сапаттуу аткаруунун аракетин көрүшөт.
    10 кВ чубалгыда 63 чакырым тоскоол болгон бак - дарактардын 9 чакырымы тазаланса, 0,4 кВ чубалгыда 33 чакырым мерчемделип, 7 чакырымы аткарылган.
    Андан сырткары бекитилген мерчемге ылайык 14 даана трансформатордун 2 даанасы оңдоодон чыкты.
    0,4 кВ аба чубалгысынын 20 чакырымы оңдоодон өтөт жана 76 трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүү пландалып, 20 даанасы бүгүнкү күнгө өткөрүлдү.
    Ал эми Чаткал районунун Кормоцех участкасында 10 кВ 0,5 чакырым жана 0,4кВ 0,4 чакырым аба чубалгысы жаңы тартылат. Ошондой эле мындагы керектөөчүлөргө кошумча 160 кВА кубаттуулуктагы трансформатор орнотулат.
   Чаткал РЭТи район калкын үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу аракетинде.