Колл - борбор: 105, 1209

Чаткал район электр тармактары 90 пайыз кышка даяр

29 Октябрь 2024 ж.

“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы -Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Чаткал РЭТинде күз- кыш мезгилине карата даярдыгы уланууда. Энергетиктер жаз айларынан тартып сапаттуу электр энергиясын берүү максатында ремонт иштерин жүргүзүшүүдө.

 Чаткал РЭТи 53,6 чакырым 10-0,4 кВ аба чубалгыны ремонттон өткөрүшүп, 80, 7 чакырым 0,4 кВ аба чубалгынсында техникалык тейлөө жумуштарын жасашты.

 Ал эми 12 даана трансформатор ремонттон өтсө, 67 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү. Мындан сырткары 120, 8 чакырым 10-0,4 кВ аба чубалгыларына тоскоол болгон бак- дарактарды бутоо иштери жүргүзүлдү.

 Жогоруда аткарылган ар бир жумуш керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылууну көздөйт.