Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында бир топ энергосекторлор жаңыланууда. Аны менен катар арты 30-40 жыл, алды 60-70 жыл кызмат кылган эскилиги жеткен жыгач мамычалар темир- бетон мамычаларга алмаштырылып, муктаж аймактарда жаңы орнотулууда. “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын 2025 жылдагы иш мерчеминин негизинде облустун аймагындагы эскилиги жеткен 3757 даана мамыча алмаштырса, ал эми 1800 даана темир-бетон мамыча жаңы орнотулат. Анын ичинен азыркы убакытка чейин кайра келбеттөө жумуштарынын негизинде 580 даана мамыча орнотулду. Калган 5000ге жакыны ушул жылдын күз айларына чейин орнотуу иштери аяктайт. Мындан тышкары 153 чакырым 10-0,4 кВ аба чубалгысы заманбап СИП зымдарына алмашат. Учурда СИП зымдары соиалдык обьектилерге жана электр жарыгы тез-тез авариялык абалга кептелген аймактарга тартылууда. Мындай аймактар жыл сайын энергетиктер тарабынан изилденип, кийинки жылдагы иш-планга киргизилет. Алар 10-0,4 кВ СИП аба чубалгысы боюнча: Базар -Коргон районунда -52,5 чакырым; Жалал-Абад шаары -54, 55 чакырым; Сузак районунда 41, 9 чакырым; Акыркы 3 жыл аралыгында облус аймагында СИП аба чубалгылары орнотуу колго алынган. Анын өзгөчөлүгү тармактарды модернизациялоого жана аварияларды болтурбоого, техникалык жоготууларды төмөндөтүүгө жана керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталат.