Колл - борбор: 105,

Быйыл Жалал-Абад облусунда 65 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулат

26 Январь 2026 ж.

 Өлкөдөгү санариптештирүү саясатына ылайык, Энергетика министрлигинин жүргүзүп жаткан реформаларынын натыйжасында 2025-жылы “КУЭТ” ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасында пландын негизинде 82 000 акылдуу эсептегич орнотулду.

Атап айтканда:
Сузак районунда — 34 711 даана;
Базар-Коргон районунда — 33 650 даана;
Майлуу-Суу шаарында — 7 165 даана;
Кара-Көл шаарында — 6 501 даана акылдуу эсептегич коюлду.

Ал эми 2026-жылы Жалал-Абад облусунда 65 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда. Алар Сузак районунун Көк-Арт өрөөнүнө, ошондой эле Токтогул жана Ноокен райондоруна коюлат.

Акылдуу эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөдөн тышкары, электр жабдыктарын ашыкча жүктөмдөн жана бузулуулардан коргойт. Ошондой эле:
электр энергиясын алыстан көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет;
эсеп-кысап иштеринде адам факторун азайтат;
керектелген электр энергиясы боюнча так жана ыкчам маалымат алууга шарт түзөт;
мыйзамсыз кошулууларды аныктоого жардам берет;
керектөөчүлөр үчүн ачык-айкын жана ыңгайлуу эсеп жүргүзүүнү камсыздайт;
электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга түрткү берет.

Бул иштер электр тармагындагы санариптик өзгөрүүлөрдү ылдамдатып, калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын жогорулатууга жана энергетика тармагындагы ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган.