️Энергетика министрлигинин калкты сапаттуу жана ишенимдүү тейлөөгө багытталган тапшырмасына ылайык “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы тармактар кызматы быйыл 13 624 даана эскирген изоляторлорду жаңысына алмаштыруу жумушун пландаган. Азыркы учурда 10 470 даанасы алмаштырылды.
️Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын жогорку чыңалуудагы тармактар кызматында 660 чакырым 35-500кВ аба чубалгыны утурумдук оңдоодон өткөрүү пландалган болсо, бүгүнкү күндө анын 292 чакырымы оңдоп- түзөөдөн өткөрүлдү.
Ал эми 35-500кВ аба чубалгынын 32 чакырымы капиталдык оңдоп- түзөөдөн өткөрүү пландалып, анын 15 чакырымы аяктады.
️Мындан тышкары 425 даана куштардан коргоочу жабдуулар орнотулду.Бул жабдуулар сырткы факторлордон,куштардын уя салуусунан, алардын токко урунуп, электр энергиясын үзгүлтүккө учурашынан коргойт.Мында электр энергиясынын коопсуздук деңгээли дагы жогорулайт.
️Ошону менен бирге чубалгыга тийген бак-дарактарды кыркуу, номурларды жаңыртуу, мамычаларга баруучу жолдорду оңдоо жумуштары, байланыш кошулмаларын бекемдөө иштери да аткарылып жатат. Бул иштер электр чубалгыларын үзгүлтүксүз иштөөсүн жана калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталат.