Колл - борбор: 105,

Быйыл Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 2300 даана металл буюмдары жасалат

11 Август 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин электр жабдууларын сапаттуу орнотуу жана электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча тапшырмаларынын алкагында, «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКтын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасында тиешелүү иштер аткарылууда.

Ишкананын механикалык цехинде электр жабдууларын оңдоо жана техникалык тейлөө иштеринде колдонулуучу 2300 даана металл буюмун даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Аларды даярдоо үчүн цехте 7 түрдүү станок колдонулуп, трансформаторлор үчүн шкафтар, эшиктер, тосмолор, койгучтар, ар кандай типтеги траверсалар жана электр мамыларын бириктиргичтер жасалууда.

Буюмдарды даярдоо процесси керектүү өлчөмдөгү металл бурчтарды жана башка материалдарды кесүү, иштетүү, ширетүү жана даяр продукцияларды сырдоо иштерин камтыйт. Ар бир буюм белгиленген техникалык талаптарга ылайык даярдалып, электр тармактарындагы оңдоо жана техникалык тейлөө иштеринде колдонулат.

Бул иштер электр жабдууларын сапаттуу орнотууга шарт түзүү менен бирге, электр тармактарынын ишенимдүү жана коопсуз иштешин камсыздоого багытталган.