Колл - борбор: 105, 1209

Быйыл Көк-Артта 8,6 чакырым СИП кабел тартып, 2 трансформатор жаңы орнотот

10 Июнь 2025 ж.

“КУЭТ” ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Көк- Арт район электр тармагында 2025-жылга карата мерчемделген жумуштар өз учурунда аткарылууда. Көк-Арт район электр тармагынын 2025- жылга менчемделген планынын негизинде 8, 6 чакырым 0,4 кВ аба чубалгы заманбап СИП зымдарына алмашат. Ошондой эле 2 даана трансформатор жаңы орнотулуп, 1 даана трансформатордун кубаттуулугу жогорулайт жана 1,2 чакырым 10кВ аба чубалгы жаңы тартылат. Азыркы күнгө чейин Сузак районунун Көк- Арт аймагында 160 чакырым аба чубалгы техникалык кароодон өткөрүлүп, 99 даана трансформатор техникалык кароодон жана 20 даана трансформатор оңдоп-түзөөдөн өттү.Ал эми Көк-Арт РЭТи быйылкы жылдын күз-кыш айларына чейин 58 даана трансформаторду жана 35, 2 чакырым 10кВ аба чубалгыны оңдоп-түзөөдөн өткөрөт. Ошондой эле 570 чакырым 04 - 10 кВ аба чубалгыны, 294 трансформаторду техникалык кароого алат. Ар бир жасалып жаткан жумуш пландын негизинде үзгүлтүксүз аткарылууда. Көк- Арт район электр тармагы 861 чакырым 04-10кВ аба чубалгыны тейлейт. Мында 17 920 керектөөчү бар. Бул иштердин баары аймактагы электр камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана калкка туруктуу электр энергиясын жеткирүүгө багытталган.