Колл - борбор: 105,

Быйыл Базар-Коргон районунда 601 эскирген мамыча жаңыланат

None

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана калкты сапаттуу тейлөө боюнча койгон милдеттерин ишке ашыруу максатында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Базар-Коргон райондук электр тармактары 2026-жылдын март айынан тарта оңдоп-түзөө иштерин баштады.

Бүгүнкү күнгө карата Базар-Коргон РЭТинин кызматкерлери тарабынан 70 даана жаңы электр мамычасы орнотулуп, 148 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү. Ошондой эле, 550 чакырым 10–0,4 кВ аба чубалгылары текшерилип, тиешелүү тейлөө иштери аткарылды.

Ал эми негизги оңдоп-түзөө жана курулуш иштери май айынан тартып кеңири жүргүзүлөт.

2026-жылга карата Базар-Коргон РЭТи тарабынан төмөнкүдөй иштерди аткаруу пландалууда:

- 360 даана комплекттик трансформатордук подстанция (КТП) техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт;
- 1038 чакырым 10–0,4 кВ аба чубалгылары техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт;
- 41 даана трансформатор жана 48 чакырым 10 кВ аба чубалгылары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт;
- 1 чакырым 10 кВ аба чубалгысы курулуп, 2 даана жаңы трансформатор орнотулат;
- 40 чакырым 10–0,4 кВ аба чубалгылары реконструкцияланат;
- 601 даана эскирген электр мамычасы жаңыланат.

Белгиленген иштер 2026-жылдын март айынан башталып, ноябрь айында толук аяктайт.

Жүргүзүлүп жаткан бул иштер райондогу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн арттырууга, авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга жана керектөөчүлөрдү сапаттуу, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.