Колл - борбор: 105, 1209

Быйыл Ала-Бука районунда 417 трансформатор оңдоодон өтөт

23 Июнь 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында, энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган бир топ алгылыктуу иштер жасалууда. Бул аракеттердин алдында керектөөчүлөргө жана энергетиктерге түзүлгөн шарттар арбын.
“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы Жалал - Абад электр тармактар ишканасынын Ала - Бука район электр тармактары 2025-жылга карата электр энергиясын камсыздоонун сапатын жогорулатуу максатында оңдоп-түзөө жана реконструкция иштерин жүргүзүүдө.
Ала - Бука районунда 2025-жылы 417 даана трансформатор оңдоп-түзөөлөрдөн өткөрүлөт.Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Ала-Бука РЭТинде район боюнча 794 даана трансформатор бар. Анын 417 даанасы РЭТтин балансында, ал эми 377 даанасы керектөөчүлөрдүн балансында турат. 2025-жылы 69 даана трансформатор оңдоолордон өткөрүлсө, 348 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.
Үстүбүздөгү жылдын март айынан тартып,бүгүнкү күнгө чейин 32 даана трансформатор оңдоолордон өткөрүлсө, техникалык тейлөө боюнча учурда 182 даанасы аткарылып бүттү.
Ал эми аба чубалгылар боюнча, 2025-жылга Ала-Бука РЭТинде 0,4-6-10 кВ чыңалуулардагы чубалгылардын 20 чакырымы оңдоолордон өтсө, 466 чакырымы техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.
Бул иштердин негизги максаты — электр энергиясын жеткирүүдөгү жоготууларды азайтуу, жабдуулардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана керектөөчүлөрдүн электр энергиясына болгон муктаждыгын үзгүлтүксүз камсыз кылуу.
Ала-Бука РЭТи район аймагындагы 25660 керектөөчүнү тейлейт.