Колл - борбор: 105, 1209

Бөлүштүрүүчү тармактардын оңдоо жана тейлөө боюнча 10/0,4 кВ эксплуатациялоочу-ремонттук бригадалардын арасындагы Жалал- Абад электр тармактар ишканасы 3- орунду ээледи

15 Сентябрь 2024 ж.

2024-жылдын 15 сентябрында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл филиалынын окуу-өндүрүштүк базасында 10/0, 4 кВ бөлүштүрүүчү тармактарды оңдоо жана тейлөө боюнча ыкчам-оңдоо персоналынын бригадалары арасында кесиптик чеберчилик мелдеши жыйынтыкталды.
Иш-чаранын жабылышына Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин электр энергетика башкармалыгынын башчысы Өмүрбек Жеңишбеков, Энергетика министрлигинин Энергетикалык көзөмөл кызматынын орун басары Узак Качкынбаев, «КУЭТ» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков, анын орун басарлары Доктурбай уулу Жолдошбек жана Ильгиз Сыдыгалиев, ошондой эле ишкананын филиалдарынын жетекчилери жана кызматкерлери, энергетика тармагынын ардагерлери катышты.
8 команда компаниянын облустук электр тармактар ишканаларынын ички сынактары аркылуу тандалып, заманбап ыкмалар менен техникалык жана теориялык этаптарды өтүп, электр тогунун таасиринен жабыркаган адамды бошотуу, биринчи жардам көрсөтүү, электр жабдууларын оңдоо менен байланышкан технологиялык иштер, компьютердик тестирлөө ж.б. иштерди көрсөтүштү. Мелдештин шарттары чыныгы өндүрүштүк кырдаалдарга мүмкүн болушунча жакындатылып, электр тармактарын тейлөө боюнча бригадалардын күнүмдүк ишинде кездешет.
Мелдештин этаптарынын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундардын жана номинациялардын төмөнкү жеңүүчүлөрү аныкталды:
• 1-орун: Чүй электр тармактар ишканасынын командасы;
• 2-орун: Бишкек электр тармактар ишканасынын командасы;
• 3-орун: Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын командасы;
• 4-орун: Нарын электр тармактар ишканасынын командасы.
 
Жалал -Абад ЭТИнин бригадасы ар бир этапта коопсуздук эрежелерин так сактап аткаргандыгын айтышат. 3- орунду алуу оңойго турган жок дешет. Мындай мелдештер энергетиктерге шык берип, жумуш учурунда шамдагайлык менен кылдат мамиле жасоого шарт түзмөкчү. Анткени даярдык учурунда дагы көптөгөн билимди сиңирүүгө болорун катышуучулар белгилешет.
Иш-чаранын соңунда, жеңүүчүлөргө сыйлыктар, дипломдор, Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары ыйгарылды.
Ал эми Жалал-Абад электр тармактар ишканасына 3- орунду ээлегендиги үчүн автоунаанын сертификаты тапшырылды.
Сыйлыгыңыздар кут болсун!!!