Колл - борбор: 105,

Бир күндүк эмгек – жашыл айлана

28 Март 2026 ж.

"КУЭТ" ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасында аймактардын санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу максатында ишембиликке чыгышты.
Иш-чарага ЖЭТИнин директору Сүйүнбек Усенов жана орун басарлар, бардык РЭТтердин,бөлүмдөр,кызматтардын жетекчилери, тийиштүү кызматкерлери активдүү катышып, аймактарды тазалоо, көрктөндүрүү жана көчөт отургузуу иштерин колго алышты.
Жалал-Абад электр тармактар ишканасына тиешелүү объектилер — көмөк чордондор жана базалар иретке келтирилди..
Мындан тышкары, “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында кошумча жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, 300 гө жакын роза гүлүнүн көчөтү, алма көчөтү,
павловния дарагынын көчөтү,
карагай жана кайрагач көчөттөрү отургузулду.
Бул иш-чаралар аймактын экологиялык абалын жакшыртууга, жашыл аймактарды көбөйтүүгө жана калк үчүн таза, ыңгайлуу чөйрө түзүүгө багытталат.
Белгилей кетсек, мындай иш-чара ишканада ар жуманын ишемби күнүндө үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө.