Колл - борбор: 105, 1209

Бүгүн, 25- июль, 2024-жылы “Кыргызстан УЭТ” ААКтын директорлор кеңешинин Жалал-Абад ЭТИге болгон иш сапары жыйынтыкталды

25 Июль 2024 ж.

 Үстүбүздөгү жылдын 22 -июлунан тартып, “Кыргызстан УЭТ” ААКтын директорлор кеңеши Жалал-Абад ЭТИнин 11 район электр тармактарынын күз - кыш мезгилине даярдыгын карап чыгышты.

Бүгүн, 2024- жылдын 25 - июль күнү Жалал-Абад ЭТИнин жыйындар залында директорлор кеңешинин төрагасы Турдубаев Атантай Доолотович, директорлор кеңешинин мүчөлөрү Баймуратов Алымбек Дүйшеекевич, Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович,Кудайбердиев Ормонбек Бурканович, Маматов Мирбек Абдухамитович, Жалал-Абад ЭТИнин кызматкерлери катышкан көчмө жыйын болуп өттү.

Жыйындын күн тартибинде үч маселе каралды.

1.Жалал -Абад ЭТИнин директору Усенов Сүйүнбек Турсуналиевичтин 2024-жылдын 6 айында мерчемделген жумуштардын аткарган каржы чарбалык иштеринин жыйынтыгы боюнча маалыматы;

2.2024 - 2025 күз-кыш мезгилине даярдык боюнча Жалал-Абад ЭТИнин башкы инженери Мурзаев Сүймөнкул Дубанаевичтин маалыматы;

3. Электр энергиясын сатуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө Жалал-Абад ЭТИнин электр энергиясын сатуу боюнча директордун орун басары Мамажанов жайлообек Кочкорбаевичтин маалыматы угулду.

Кыргызстан улуттук электр тармагы ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоонун маанилүүлүгүн айтып, келе жаткан 2024-2025-жылкы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жакшы даярдык көрүү зарыл экендигин баса белгилеп, керектүү материалдар менен өз убагында камсыз кылуу маселелерине токтолду.

Андан тышкары авариялык өчүрүүлөргө өзгөчө көңүл буруп, калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүү зарыл экендигин кошумчалады. Ошону менен катар кыдырууда күбө болгон дебитордук карыз көпчүлүк РЭТтерде жок экендигине, “Мой свет” тиркемеси жакшы жолго коюлгандыгын баса белгилеп кетти.

Техникалар, электр жабдуулар менен камсыз болуусу, энергетиктердин ыкчам иш алып баруусуна купул толорун айтып, дагы алдыдагы жумуштарды ийгиликтүү аткарууга алууну табыштады.

Жыйындын соңунда Кыргызстан улуттук электр тармагы ААКтын директорлор кеңешинин жааматы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын кызматкерлеринин суроолоруна жооп берди. Ошону менен катар энергетика тармагында өнүгүүлөр болуп жаткандыгын кошумчалап, ар бир энергетиктин салымы бар экендигин белгиледи. Жалал-Абад электр тармактар ишканасында өткөн жылга салыштырмалуу бир жылдын ичиндеги аткарылган жумуштардын, курулуштардын, өнүгүүлөрдүн саны арбын экендигин айтып өттү.

Соңунда Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын ишмердүүлүгүнө эң жакшы деген баа берилди