Энергетика министрлигинин жүргүзгөн реформасына ылайык “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы- Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Базар -Коргон район электр тармактары Базар-Коргон районундагы 3 айылдын электр энергиясынын сапатын жогорулатууда.
Мында 1966- жылдары курулган эскилиги жеткен 137 даана жыгач мамычалардын ордуна темир- бетон мамычалар орнотулду, ал эми 3,5 чакырым электр зымдары өзүн- өзү коргоочу заманбап СИП зымдарына жана ар бир үйгө кирген чубалгыга чейин алмаштырылды. 34 даана трансформатор оңдоп- түзөөдөн өткөрүлдү.
Алар: Кеңкол айылында 120 даана мамыча алмаштырылып, 2, 900 СИП аба чубалгысы тартылды жана 4тарнсформатор оңдоп- түзөөдөн өттү; 1-май айылында 17 даана мамыча алмашып, 600чакырым СИП зымдары тартылды.16 даана трансформатор оңдоп- түзөөдөн өттү; Суу-Башы айылында 11трансформатор оңдоп- түзөөдөн өттү.
Ал эми алдыда пландын негизинде эскилиги жеткен мамычалар алмашып, СИП зымдары тартылат. Ал эми жогорудагы 3 айылдагы бардык 1067 керектөөчүгө акылдуу эсептегичтер орнотулуп бүттү. 2025-жылдын октябрь айына чейин аталган айылдарга дагы 223 даана темир-бетон мамыча орнотулуп, 10-04, кВ 49 чакырым СИП аба чубалгы тартылат.СИП аба чубалгысын тартуу жумуштары пландын негизинде ушул айдын башында башталды. Мындан тышкары жалпы Базар-Коргон району боюнча дагы 30 933 даана акылдуу эсептегичтер орнотулат.
Базар-Коргон район электр тармактары бүгүнкү күнгө чейин 10-0,4 кВ 762 чакырым аба чубалгыны утурумдук оңдоп- түзөөдөн жана 334 даана трансформаторду техникалык кароодон өткөрүштү. Ар бир жасалып жаткан жумуштар керектөөчүлөрду сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталат.