“Кыргызстан УЭТ” ААКтын филиалы - Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Базар - Коргон РЭТинде 2025 –жылга мерчемделген жумуштардын алкагында ремонт иштери жүрүүдө. Быйылкы жылы 525 мамыча орнотулуп, 3 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылат. 62 трансформатор оңдоодон өткөрүлөт.
️ Базар - Коргон РЭТи боюнча 334 трансформатор техникалык тейлөөдөн өтсө, 62 трансформатор ремонт болот. 6-10-0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларлардын 763 чакырымы техникалык тейлөөдөн өтөт. Ал эми 48 чакырымында оңдоолор жүргүзүлөт.
️Мындан сырткары Базар - Коргон районунда 6-10-0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларларда 52, 05 чакырым СИП зымдары тартылат. СИП зымдарына өтүүнүн эң башкы себеби ал катаал аба ырайына туруштук берип, бак дарактардын кесепетинен орун алуучу авариялык өчүүлөрдү толугу менен жоёт.
️ Жогоруда аталган жумуштардын баары калкты сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо максатын көздөйт. Ар бир мерчемделген жумуш пландын негизинде жүргүзүлүүдө. Аларды сапаттуу бүткөрүү үчүн энергетиктер бардык күчүн жумшоодо.