Колл - борбор: 105, 1209

"Базар-Коргон" көмөк чордону модернизацияланды

9 Июль 2025 ж.

Быйылкы жылы Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы -Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын 110/35/10 кВ «Базар-Коргон» көмөк чордонунда эскилиги жеткен электр жабдыктарды жаңылоо боюнча масштабдуу иштер аткарылды.

Мында модернизациялоо иштери эки баскыч менен жүргүзүлдү. Өткөн жылы 10 кВ чыңалуудагы “К-37” үлгүсүндөгү сыртка орнотулуучу комплекттүү бөлүштүрүүчү түзмөк заманбап “К-59 СЭЩ” үлгүсүнө алмаштырылган. Ал эми быйылкы жылы “ВМ-35” үлгүсүндөгү 35 кВ чыңалуудагы эки эски май өчүргүч заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылып, эскирген 6 даана ток трансформатору жаңыланды.

Сыртка орнотулуучу комплекттүү бөлүштүрүүчү түзмөк эки тараптуу Т-1 жана Т-2 трансформаторлоруна туташтырылган. Эгерде бир чубалгыда бүлүнүү катталган болсо, дароо эле 2- трансформаторго которуу оңой. Анткени вакуумдук өчүргуч ыкчам жумуш алып барууга ыңгайлуу. Жаңы орнотулган бөлүштүрүүчү түзмөк 11 уячадан туруп, 4 даана 10 кВ кабелдик аба чубалгылар аркылуу электр энергиясы бөлүштүрүлүп, керектөөчүлөргө жеткирилет.

Бул жаңылоо иштери — электр энергия менен жабдыктардын сапатын жана туруктуулугун камсыз кылууга багытталган маанилүү кадам. Заманбап жабдуулар авариялык өчүрүүлөрдүн санын азайтып, Базар-Коргон районунундагы 35 000 керектөөчүнү электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга мүмкүндүк берет.