Жалал -Абад электр тармактар ишканасынын Сузак РЭТине караган Барпы110/10кВ көмөк чордонунда капиталдык куруу иш мерчеминде экинчи кезектеги 10000 кВА трансформатор орнотулуп, керектөөгө берилди
Андан сырткары трансформатордун өчүргүчү, 3 даана агын трансформатор орнотулду.
Бул көмөк чордон 1983-жылы курулган.Андан бери жыл сайын оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп Барпы айыл аймагындагы керектөөчүлөрдү камсыздап келген.Утурумдук ремонт иштеринде же авариялык өчүрүүлөрдө керектөөчүлөргө электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап келген.
Эми абоненттерди тейлөө сапаты жогорулайт. Анткени бул көмөк чордондо 2 трансформатор кезек-кезеги менен иштейт дейт Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору Сүйүнбек Усенов.
Бул аймакта 6000ден ашык абонент бар.Бул көрсөткүч жыл сайын жогорулоодо.