Колл - борбор: 105, 1209

"Ала - Бука" 110/35/10 кВ көмөк чордонунда 25 000 кВА трансформатор орнотулду

30 Сентябрь 2024 ж.

" Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы -Жалал -Абад электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор кызматына караган Ала - Бука 110/35/10кВ көмөк чордонунда капиталдык куруу иш мерчеминде Т-1 "TДТН" үлгүсүндөгү 10 000 кВА трансформатордун ордуна кубаттуулугу 25 000 кВА "SFSZ" үлгүсүндөгү күч трансформатор орнотулду.

Бул көмөк чордон 1990 - жылы курулган.Андан бери жыл сайын оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп Ала - Бука районундагы керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздап келген. Бирок абоненттер жылдан - жылга көбөйүп, керектөөчүлөрдүн көп пайдаланган мезгилинде электр энергиясынын кубаттуулугу тартыш болгондугуна байланыштуу сапаты төмөн болуп келген.

Эми абоненттерди тейлөө сапаты жогорулайт. Анткени калктын көп пайдаланган убактысында авариялык абал жаралбайт. Жаңы орнотулган кубаттуулугу 25 000 кВА "SFSZ" үлгүсүндөгү трансформатор заманбап тейлейт жана табийгат кубулуштарына туруктуу. Ал эми Ала - Бука районундагы Ак- Коргон 110/35/10 кВ көмөк чордонунда Т-2 "ТДТН" үлгүсүндөгү 6 300 кВА трансформатор "ТДТН" үлгүсүндөгү 10 000 кВА трансформаторго алмашты. 110/35/10 кВ Ак - Коргон көмөк чордону 1994- жылы курулуп, пайдаланууга берилген.

Ала - Бука району боюнча 25 600 керектөөчү болсо алардын 6 525и Ак- Коргон айыл аймагында жашайт.