Колл - борбор: 105, 1209

Аксыда трансформаторлорду оңдоо цехинин имаратынын курулушуна мезгил кутучасы салынды

17 Июль 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна эки күндүк иш сапар менен барды. Алгач министр Аксы район электр тармагынын базасында трансформаторлорду оңдоо цехинин имаратынын курулушуна мезгил кутучасын салды. Бул цехтин эски имараты 1980 - жылдары ашар жолу менен курулуп, жарым кылым аралыгында эскилиги жетип, санитардык нормаларга жооп бербей калган. Быйыл Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш планына киргизилип, куруу жумуштарын «Амазон» ЖЧКсы колго алган. Каражат “КУЭТ”ААКнын өздүк эсебинен 7,5 млн сом бөлүнгөн. Цехти куруп бүткөрүү 2025-жылдын күз айларына пландалууда. Министр заманбап имарат бүтүп калса, кызматкерлер үчүн да ыңгайлуу шарттар жаралып, сапаттуу жумуш алып баруусуна шарт түзүлөрүн билдирди. Аны менен катар энергетика министри кызматкерлер менен жолугушуп, бир катар маселелерди талкуулады. Кесиптештеринин ишине карата ыңгайлуу шарт түзүү мындан ары дагы улана берээрин билдирди. Иш-сапардын жүрүшүндө ЖКнын депутаты Азизбек Турсунбаев, энергетика министри Т.Ибраев жана "КУЭТ" ААКнын директору А.Рысбеков Ала-Бука район электр тармактарынын имаратынын оңдон-түзөөдөн кийинки абалы менен таанышып, ачылыш аземине катышты. Аталган имарат 1989 -жылы курулуп, эскилиги жеткендиктен 2024-жылы КУЭТ” ААК тарабынан 5,123 млн сом каражат бөлүнүп, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш планына киргизилип,  толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Жаңыланган имаратта жумушчулар үчүн иштөө ыңгайына жараша шарт түзүлүп, диспетчердик бөлмөгө заманбап LED- экран коюлган. Мында кызматкерлер аралыктан башкарып, кайсы аймакта жүктөм көп болуп жатканын жана өчүрүү болгонун ыкчам аныктай алат. Министр Ала-Бука район электр тармактарынын кызматкерлеринин жумушун жеңилдетүү  максатында “JAG” үлгүсүндөгү бир даана бригадалык автоунаа тапшырды. Мындан тышкары ЖКнын депутаты А.Турсунбаев, энергетика министри Т.Ибраев, "КУЭТ" ААКнын директору А.Рысбеков Ала-Бука районунун эли менен жолугушуу өткөрүп, энергетика тармагындагы маселелерди талкуулашты. Анда жергиликтүү тургундар айрым энергетикалык жабдуулардын: эскирген жыгач мамычаларды, трансформатор, аба чубалгыларын алмаштырып берүүнү өтүндү. Министр айрым маселелерди дароо жеринде чечип, тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди. Жыйындын катышуучулары акыркы үч жылда энергетика тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыктан өчүрүүлөр азайганын билдиришип, Энергетика министрлигинин ишине ыраазычылыгын айтып өтүштү. Ал эми энергетика тармагында үзүрлүү эмгектенгени жана аймакты өнүктүрүүгө кошкон салыма үчүн бир катар энергетиктер Жогорку Кеңештин жана Ала-Бука райондук администрациянын Ардак грамоталары менен сыйланышты.