Колл - борбор: 105, 1209

Аксы жана Ноокен районунун аймагына жаңы 10 чакырым аба чубалгы тартылды

28 Октябрь 2025 ж.

 Энергетика министрлигинин айыл аймактардагы калктын электр энергиясынын сапатын жакшыртуу боюнча тапшырмасына ылайык, “КУЭТ” ААКнын Жалал-Абад электр тармактар ишканасы 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин жыйынтыктоонун алдында турат.

 Жалал -Абад ЭТИнин Таш-Көмүр РЭТи тарабынан 2025- жылга карата мерчемделип, жүргүзүлүп жаткан иштердин 98 пайызы аткарылды. Бул багытта энергетиктер тарабынан 2025- жылга мерчемделген жаңы 10,0 чакырым аба чубалгы курулду.
Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма жана Аксы районунун Кызыл-Жар айылындагы жаңы конуштарга 1,45 чакырым жаңы аба чубалгы тартылды. Мында электр энергиясына болгон муктаждык бар болчу.

 Ал эми Аксы районунун Жылкол, Ноокен районунун Ынтымак, Кызыл-Туу айылдарында жай мезгилинде сугат насостук станциялар иштеген учурда ашыкча жүктөм пайда болуп, аба чубалгыларга күч келчү. Бул көйгөйдү жоюу максатында 8,45 чакырым 6/10 кВ жаңы аба чубалгы орнотулду. Эми аталган айылдарда сугат мезгилинде энергия тартыштыгы жаралбайт.

 Мындан тышкары, 3,8 чакырым 6/10–0,4 кВ аба чубалгы оңдоп-түзөөдөн, 323 чакырым аба чубалгы техникалык кароодон, ал эми 205 даана трансформатор оңдоп-түзөөдөн жана кароодон өткөрүлдү.

 Ошондой эле Аксы районунун Терс айылына 400 кВА, ал эми Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма айылына 250 кВА кубаттуулуктагы жаңы трансформаторлор орнотулду.

 Таш-Көмүр РЭТи Аксы районунун Уч-Коргон айыл өкмөтүн, Ноокен районунун Бүргөндү жана Достук айыл өкмөттөрүн, ошондой эле Таш-Көмүр жана Шамалдуу-Сай шаарларын электр энергиясы менен камсыздайт.
Ишканада 87 кызматкер эмгектенет.

Бул иштер энергетиктер тарабынан калкка электр энергиясын туруктуу берүү жана сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад электр тармактар ишканасы керектөөчүлөрдү сапаттуу тейлөөгө жана энергия жоготууларын азайтуу боюнча иштерди улантууда.