Колл - борбор: 105, 1209

Аксы районунун Дейрес-Сай айылына жаңы көмөк чордон курулду

5 Июль 2024 ж.

Бүгүн, 2024-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т. Ибраев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Аксы районунун Дейрес-Сай айылына жаңы  курулган 35/10 кВ "Дейрес" көмөк чордонун ишке киргизүү иш-чарасына катышты.


2023-жылдын 15-16-декабрь күндөрү болуп өткөн Республикалык II Элдик курултайда Дейрес-Сай айылына 35/10 кВ көмөк чордонун куруу жана мурда өздөштүрүлүп, бирок пайдаланылбай келген 90 ГА  сугатсыз калган жерлерди сугаруу үчүн насостук станция куруу  маселеси көтөрүлгөн. 
Бул боюнча Аксы районунун делегаттарынын атынан жаңы көмөк чордон куруу боюнча Президентке сураныч арызы түшкөн. Алар “эгерде аталган аймакта электр энергиясы болсо, насосторду коюп Нарын дарыясынан суу алат элек”- деген суроолор менен кайрылышкан. 


Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров аталган аймакка көмөк чордон куруу маселеси боюнча чечим кабыл алуу тапшырмасын берген.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министири Т.О. Ибраевтин көрсөтмөсүнүн негизинде “Кыргызстан УЭТ” ААКнын жетекчилиги бул маселени талкуулап, аталган айылга көмөк чордон куруу боюнча чечим кабыл алган.

 
Бүгүнкү күндө бул тапшырма ишке ашып, жаңы көмөк чордон орнотулду. Эми буга чейинки элдин суранычы орундалып, 90 гектар жер суу менен камсыздалып, сугарылат. Каражат "Кыргызстан УЭТ" ААКтын өздүк  эсебинен 16 млн сомго каржыланды.


Мындан улам министр өз сөзүндө “ Энергетика экономиканын булагы. Калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу биздин милдет. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин тапшырмасына ылайык энергетика тармагындагы тартыштыктан чыгуу үчүн акыркы үч жылда бир катар ЧГЭСтер курулуп, алды ишке кирүүдө. Ири долбоорлор башталып жатат. Муну менен катар энергетика тармагындагы эскилиги жетип жараксыз абалга келген жабдуулар жаңыланып, кошумча көмөк чордондор орнотулууда. Мына бүгүн биз  сиздер менен биргеликте дагы бир жаңы көмөк чордонду ишке киргизебиз. Буга чейинки жергиликтүү тургундар насостук станция куруу  менен Нарын дарыясынан суу алуу үчүн электр энергиясы керек экенин билдирип кайрылышкан. Бүгүн бул тилектер орундалып, жаңы көмөк чордон коюлуп, суу маселеси чечилди. Бул албетте ар бир тургундун жерди иштетүүсүнө шарт түзүп, экономиканын өсүшүн жакшыртат” - деп баса белгиледи. 


Ал эми "Кыргызстан УЭТ " ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков, - ар дайым калкты электр энергиясы менен камсыздоодо бардык мүмкүнчүлүгүбүздү жумшап жатабыз. Алды 60-70 жыл кызмат кылган электр мамычаларды, аба чубалгыларды алмаштырып жатабыз. Бул көмөк чордон дагы компаниянын каражатын үнөмдөөдөн курулду. Ошону менен бирге жергиликтүү  бийлик менен да тыгыз иш алып баруудабыз дейт.


Маалыматка ылайык, 35/10 кВ “Дейрес” көмөк чордону курулганга чейин, Дейрес-Сай айылы 35/10 кВ “Үч-Коргон” КЧдан чыккан 10 кВ “Дейрес” аба чубалгысы аркылуу электр энергиясы менен камсыз болуп келген. Ортодогу Терс, Кичи-Терс жана Калпак айылдарынын калкы жана насостук станциялары да ушул аба чубалгы аркылуу электр энергиясы менен камсыз болуп келишкен.


35/10 кВ “Дейрес” көмөк чордонунун курулгандан кийинки электр энергиясы менен жабдуунун абалы бир кыйла жакшырып, электр энергиянын сапаты жана  ишенимдүүлүгү жогорулады.