Колл - борбор: 105, 1209

Аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагында 409 даана мамыча жылдырылса, 1 132 даана жаңы орнотулду

12 Сентябрь 2024 ж.

️“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы-Жалал-Абад электр тармактар ишканасы 2024-жылдын августуна чейин аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагында Жалал-Абад облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын кайрылуусу боюнча бир топ жумуштарды аткарды.

️Алсак, эгемендүүлүк күнүндө ачылган Жалал-Абад шаарындагы Р. Азимов көчөсүн реконструкциялоо жумуштарында Жалал-Абад РЭТ тарабынан 80 даана жана С. Ибраимов көчөсүндө 10 даана мамыча жылдырылып, 0,4 -10 кВ аба чубалгылар тартылды.

️Мындан сырткары Жалал-Абад шаарындагы Аттокуров, ВЛКСМ, Мамыр-Баатыр, Абдрахманов көчөлөрүндө да жолдун кеңейишине жараша Жалал-Абад мэриясы менен биргеликте жумуш жүрдү. Мында жарактуу мамычалар жылдырылып, эскилиги жеткен жыгач мамычалар темир-бетон мамычаларга алмаштырылды.

️Мындай жумуштар Чаткал, Ала-Бука, Токтогул, Сузак, Көк-Арт, Ноокен, Базар-Коргон РЭТтеринде да орун алып, район жетекчиликтери менен биргеликте жумуш алып барышты.

️Жалал-Абад электр тармактары тарабынан 6-10-0,4 кВ чыңалуудагы 18,4 чакырым аба чубалгы жылдырылып, 46,4 чакырым жаңы курулду. ТП (КТП) 6 даана жылдырылып, 13 даана жаңы курулду. 6-10 -0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларда 409 даана мамыча жылдырылды, 1 132 даана орнотулду.