Колл - борбор: 105, 1209

500 кВ «Токтогул ГЭС - Тулебердиев» жогорку чыңалуудагы аба чубалгысы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Аталган аба чубалгы, 1979-жылы ишке берилген. Жалпы узундугу 113 чакырымды түзөт, 323 даана электр мамычадан турат.

2 Июнь 2023 ж.

Аталган аба чубалгы, 1979-жылы ишке берилген. Жалпы узундугу 113 чакырымды түзөт, 323 даана электр мамычадан турат. Анын 101 даанасы анкердик электр мамычалар. Чубалгы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын аймактарында жайгашкан.

500 кВ «Токтогул ГЭС - Тулебердиев” аба чубалгысынын 13 чакырымы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 700 даана изоляторлору алмаштырылды. Ошондой эле зымдардын бириккен жерлериндеги байланыштарын бекемдөө жана электр зымдарын үстүнөн текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын тейлөө кызматынын Кара-Көл, Токтогул, Жалал-Абад участкаларынын адистери, 3 бригада болуп иш алып барышты. Бир бригада күнүнө 75 даанадан изолятор алмаштырганга мүмкүнчүлүгү бар.  №87 мамычадан 98 мамычага чейин, автоунаа жүрүүгө мүмкүн эмес болгондуктан, 4 чакырым аралыкты жөө жүрүп калыбына келтирүү жумуштарын аткарышты.

Деңиз деңгээлинен 2800 метр бийик жана жергиликтүү айылдарга жетүүдө, аралык алыс. Андан дагы, жумуш ыргагын сапаттуу жана кыска аралыкта аягына чыгаруу үчүн, кызматкерлер талаада жатып-конуп иштешти.

Оңдоп-түзөө жумуштары, жаз-күз айларында эки жолу жүргүзүлөт, бул иштер күз-кыш айларына карата камылгалардын алкагында аткарылууда.